Биз менен байланышыңыз

«Атамбаев туура эмес иштер жасалганынан улам оппозицияга өттү»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Апр 2019 | 550 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жакшы ымалада болгон күндө деле, коррупциялык көрүнүштөр ортого чыкмак. Бул тууралуу Жогорку Кенештин депутаты Карамат Орозова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мурда Атамбаев менен Жээнбеков башкаларга салыштырмалуу жакын мамиледе болчу. Учурда алардын ортосунда саясий жана жеке таарынычтар болуп жатат.

«Атамбаев Жээнбековго айткандары жасалбай калганы үчүн эмес, өзүнө эң төмөнкү деңгээлде мамиле жасаганы ушул кадамга барды. Президент шайланган соң, жакшы үмүт менен 1-2 жылча күтүп, андан кийин гана баа берилет. Атамбаев туура эмес иштер жасалганынан улам оппозицияга өткөнүн айтты. Ар бир адам командасындагы туура эмес көрүнүштөргө ызаланат. Бийликте толтура коррупционер отурат. Ал эми КСДПнын адамдарынын кимиси коррупционер экенин сот аныктайт. Биз КСДПнын калмалган мүчөлөрүнүн ишин туура тергөөнү талап кылып жатабыз. Ал туура болбой  жаткандыктан, Атамбаев ызаланып жатат», — дейт Орозова.

Эл өкүлү белгилегендей, оппозиция бийликтин катасын ачык айтат. Бийлик мындан туура чечим чыгарышы керек.

Орозова буга кошумча, учурда да КСДП президент Сооронбай Жээнбековду жөлөп турганын айтып өттү.

Copyright © 2017 Maral FM