Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкекте Кыргыз-Чех ишкерлеринин бизнес форуму өтөт

Кыска кабар | 8 Апр 2019 | 909 | 0

9-апрелде Кыргыз-Чех ишкерлеринин бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу ЖИА Бизнес ассоциациясынан билдиришти.

Бишкекте өтүүчү ишкерлер форумунда логистика, энергетика (гидроэнергетика), кызмат көрсөтүү (консалтинг, банктык, юридикалык кызмат көрсөтүү, камсыздандыруу компаниялары), тоо-кен өндүрүшү, IT технология, билим берүү, өндүрүш, курулуш материалдары, үйлөрдү куруу жана реконструкциялоо, туризм секторлору боюнча кызматташуу жолдору каралат.

Copyright © 2017 Maral FM