Биз менен байланышыңыз

Таласта жол кыймылын көзөмөлдөөчү жол кырсыгынан каза болду

Кыска кабар | 6 Апр 2019 | 839 | 0

Таласта жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкер жол кырсыгынан каза болду. Учурда Таласта окуяга байланыштуу тийиштүү тараптардын катышуусунда атайын жыйын өтүп жатканы маалым болду.

Мындай окуя болгонун, Талас ОИИБи да тастыктап, бирок коомчулукка так маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

Маалыматка караганда, жол кырсык 5-апрелде саат 22:40 чамасында Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында катталган. Анда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин унаасы менен оор жүк ташуучу «MAN» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен жогоруда аталган кызматкер каза болуп, ал эми анын эки кесиптеши ооруканага түшкөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM