Биз менен байланышыңыз

Бир собол: Ичке-Суу айылы качан таза суу менен камсыз болот?

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 1000 | 0

Быйыл Түп районунун Ичке-Суу айылын таза суу менен камсыздоо үчүн курулуш иштери башталат. Долбоордун сметалык документтери бүткөн. Ушул жылы объектинин курулушу аяктап калса, 2020-жылдын март же апрель айларында айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, объектти куруу 15-18 ай убакытты алат.

«Бирок, биз 1 жылдын ичинде бүтүрүп беришин суранабыз. Суу түтүктөрү толугу менен ортотулган соң, жергиликтүүлөр тарифтин акчасын төлөшү зарыл. Тарифке төлөнгөн акча өкмөткө кетпейт. Ал суу түтүктөрүн оңдоп-түзөөгө, сууну тазалоого сарпталат. Бирок муну көпчүлүк түшүнбөй жатат. Куруп берген соң, жергиликтүү жарандар иштетип кетиши керек. Тилекке каршы, өлкө аймагында көп жерлерде иштебей калып жатканы өкүндүрөт«, — дейт Токтошев.

Келишимге ылайык, бул долбоорду Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигине караштуу Ичүүчү сууну камсыздоо жана суу чыгарууну өнүктүрүү департаменти менен АРИС уюму ишке ашырат

Эске салсак, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков 2024-жылга чейин Кыргызстандын калкы ичүүчү таза суу менен толук камсыз болорун белгилеген.

2024-жылга чейин өлкө эли таза суу менен толук камсыз болот

Copyright © 2017 Maral FM