Биз менен байланышыңыз

2024-жылга чейин өлкө эли таза суу менен толук камсыз болот

Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 549 | 0

2024-жылга чейин Кыргызстандын калкы ичүүчү таза суу менен толук камсыз болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Бүгүн, 14-январда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев, Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (АРИС) Бекжан Супаналиев ичүүчү суу боюнча өлкө башчыга маалымат беришти.

Кыргызстандын 21 шаарында учурда 193 млн еврого долбоорлор ишке ашырылып жатат. Таза суу менен камсыздоо боюнча эң начар абал Жалал-Абад облусунда, бул региондун 148 айылында ичүүчү суу жок. Ал эми Кыргызстан боюнча 390 айылда ичүүчү таза суу жок.

Таза суу менен камсыздоо долбоорлорун Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Евробиримдик, Швейцариялык конфедерация сыяктуу өнөктөш донорлор колдоп жатат. Алардан Кыргызстан грант түрүндө жалпысынан 191 млн доллар алган.

Мындан тышкары, Сауд Аравиясы, Катар, Кувейт сыяктуу араб өлкөлөрүнүн ар кандай фонддору Кыргызстанды таза суу менен камсыздоо долбоорлоруна инвестицияларды алып келүүгө жардам берүүгө кызыктар.

Мамлекеттик бюджеттен 2019-жылга калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого 350 млн сом каралып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM