Биз менен байланышыңыз

Ирандагы суу ташкынынан жабыркагандардын саны 62ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 600 | 0

Ирандагы суу ташкынынан жабыр тарткандардын саны 62 кишиге жетти. Бул тууралуу Ирандын «IRNA» мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

Алынган маалыматтарга ылайык, Лурестан провинциясында болгон табигый кырсыктан 620 калктуу пункт менен транспорт каттамдары үзгүлтүккө учурады. Акыркы 48 саат ичинде жааган жаандан, аймактагы 350 көпүрө жана суу каналы бузулган.

«EADaily» агенттигинин маалыматы боюнча, Ирандын бийлиги жаңы сел пайда болуу коркунучунан улам, 70 айылдын тургунун Хузестан провинциясына эвакуация кылууну тиешелүү органдарга буйруду. Көчүрүлө турган айылдар Дез жана Кархех дарыяларына жакын жайгашкан.

Буга чейин бийлик бир канча провинцияда кайрадан суу  ташкыны пайда болуу коркунучу бар экендигин маалымдаган. Суу ташкынынан жабыркаган 10 миңге жакын үй-бүлө турак үйүн таштап кетүүгө аргасыз болууда.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM