Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда чек арачылар аткезчиликке бөгөт коюшту

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 521 | 0

Чек ара кызматынын Айдаркен чек ара отрядынын кызматкерлери кечээ чек ара режимин бузуп аткезчилик кылган Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу бүгүн Чек ара Кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү кабарлады.

Баткендин Кадамжай районунун Марказ айылында Кыргызстандын жараны «Hyundai Porter» унаасы менен Өзбекстанга 8 муздаткыч алып кирүүгө аракет жасаган. Анын жанында товарды тастыктаган тиешелүү документтер болгон эмес. Аткезчилик товардын жалпы баасы 100 миң сомду түзөт.

Тийиштүү документтер толтурулуп, кармалган жаран контрабандалык жүгү менен кошо Бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM