Биз менен байланышыңыз

Айдаркенде чек ара кызматкери гранатадан жаракат алды

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 226 | 0

Баткен облусунун Айдаркен чек ара отрядынын «Бел» чек ара тозотунда граната жарылып, ефрейтор А.А. оң колунан жеңил жаракат алган. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаракат алган аскерге керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Абалы канааттандырарлык.

Ефрейтор А.А. кайрадан кызматтык милдеттерин аткарууга киришти. Чек ара кызматынын бардык аскер кызматкерлери чек ара тозотуна курал менен чыгышат.

Чек ара бөлүктөрүнүн даярдыгын капыстан текшерүү дайыма жүргүзүлүп турат, анын жүрүшүндө куралдын, аскердик техниканын жана курал-жарактардын коопсуздугу көзөмөлдөнөт.

Copyright © 2017 Maral FM