Биз менен байланышыңыз

Айдаркенден аткезчи 200 миң сомдук товар менен кармалды

Без рубрики , Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 412 | 0

Бүгүн, 18-июнда Айдаркен чек арасынан аткез жүк алып өтүүгө аракет жасаган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматтык байланыш бөлүмү билдирди.

Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну Айдаркен чек ара-өткөрмө бекетинен Өзбекстанга аткез жүк алып өтмөкчү болгон жеринен токтотулган. Анын автоунаасын текшерүү учурунда уруксат кагазы жок 200 миң сомдук турмуш-тиричилик техникалары табылган.

Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран жүгү менен Мамлекеттик чек ара кызматына өткөрүлүп берилди.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM