11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо Айдаркен шаарында 8 партия ат салышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыгы төмөнкүдөй:
- «Ынтымак» – 20,18%
- «Ата-Журт» – 14,3%
- «Ата-Журт Кыргызстан» – 13,25%
- «Жаңы Доор» – 12,08%
- «Өнүгүү-Прогресс» – 9,76%
- «Бүтүн Кыргызстан» – 8,59%
Эскерте кетсек, бул алдын ала чыгарылган жыйынтык жана бардык шайлоо тилкелеринин маалыматы камтылган эмес. Тизмеде көрсөтүлбөгөн партиялар — 7%дан аз добуш алгандар.