Биз менен байланышыңыз

«Бийлик жаңы партия түзүп, парламентке өткөрө алса пайда табат»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Апр 2019 | 609 | 0

Бийлик жаңы саясий партия түзүп, аны парламентке өткөрө алса пайда табат. Бул тууралуу саясатчы Ишенбай Кадырбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бийлик түзгөн партия парламентке өткөн күндө да, көпчүлүк коалицияга кошулбай калышы мүмкүн.

«Анткени, Өмүрбек Бабановдун жана башкалардын партиялары да күчтүү. Шайлоодон жеңип чыккан күндө да, «Республика» менен «КСДП» коалиция түзүп кетип, бийликтин партиясы көпчүлүккө кире албай калышы мүмкүн», — дейт Кадырбеков.

Ал буга кошумча, бүгүнкү эл өкүлдөрү чечим кабыл алууга юридикалык жактан укуктуу эмес экенин, себеби эл добушту депутаттарга эмес, партияларга бергенин эске салды.

Кадырбеков бийлик элге тандоо эмес, шайлоо мүмкүнчүлүгүн бериши зарыл экенин белгиледи.

«Эгерде Конституциялык сот депутаттардын мандат алышы Башмыйзамга дал келбейт деген чечим кабыл алса, өлкө юридикалык жактан кыйын абалга кептелет. Бирок андай чечим кабыл албайт. Болгону, шайлоо баракчаларына талапкерлердин аты жазылсын деген өзгөртүү киргизиши мүмкүн. Мындайда парламентке олигархтардын келүү мүмкүнчүлүгү азаят. Тилекке каршы, президенттин жумушчу тобу шайлоо кодекстерин өзгөртпөй, редакциялык гана сунушун берүү менен чектелүүдө. Бул бийликтин чоң катасы», — дейт саясатчы.

Copyright © 2017 Maral FM