Биз менен байланышыңыз

«Абдрахманов өз алдынча партия түзсө жакшы болмок»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Апр 2019 | 593 | 0

КСДПнын жаңы төрагасы Сагынбек Абдрахманов өз алдынча партия түзсө жакшы болмок. Мындай пикирин саясатчы Ишенбай Кадырбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Абдрахмановду КСДПнын мүчөлөрү шайлагандыктан, аны эч ким жакшы же жаман дей албайт. КСДП башка-башка аталыштар менен экиге  бөлүнүп кетиши мүмкүн.

«Партиянын ичиндеги талаштар анын иштеп жатканынан кабар берет. КСДПдагы кырдаалды жаман деп айта албайм, партия тазаланып жатат. КСДП чоң тарыхка ээ, таасирдүү партия. Анын түзүүчүлөрү бар. Кийин гана партияга мүчө боло калып, башка партиядагылар да кирип келди. Абдрахманов өз алдынча партия түзсө жакшы болмок. Булар чечим кабыл алып, жобону өзгөртүп койду. Эми Абдрахманов КСДПнын бир тамгасын өзгөртүп, партияны кайра каттоого алса болот. Эгерде КСДП деген ат менен эле каттап койсо, Юстиция министрлиги ката кетирет.  Каттоого албай койсо, иш сотко жетпейт»,- дейт Кадырбеков.

Белгилей кетсек, КСДПнын 3-апрелдеги XVIII съездинде Сагынбек Абдрахманов партиянын төрагасы болуп шайланган. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында өтө турчу КСДПнын съезди 6-апрелге белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM