Биз менен байланышыңыз

КСДПнын катарынан кимдер чыгарылганы айтылды

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 642 | 0

КСДП партиясы бир канча мүчөсүн катарынан чыгарды. Бул тууралуу КСДПнын лидери Сагынбек Абдрахманов «Маралга» тастыктады.

«Биз 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон мамлекеттүүлүккө каршы, мыйзамсыз уюшулган окуяга түз же кыйыр түрдө тиешеси бар КСДПнын мүчөлөрү: Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева, Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов, Адиль Турдукулов, Мээрбек Мискенбаев, Темирлан Султанбеков, Рита Борбукеева, Нурбек Касымбеков, Таалай Усубалиев, Эрмек Окенов, Айбек Азыранкулов, Назгүл Мамытова, Амантур Жамгырчиевди партиянын XVIII съездинде кабыл алынган уставынын 2-бөлүмүнүн 8- пунктунун негизинде партиянын уставдарынын милдеттерине каршы келген иш-аракеттерине байланыштуу «КСДПнын катарынан чыгарылсын» деген чечим чыгардык», — деди Абдрахманов.

Сагынбек Абдрахманов билдиргендей, 9-сентябрда саясий кеңештин жыйыны болуп, бүгүн, 11-сентябрда бир катар протоколдорго кол коюлган. Анын көчүрмөлөрү Жогорку Кеңештеги фракцияга жана БШКга жиберилет.

Аталган партиянын лидери кошумчалагандай, КСДП партиясы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн бир эле партия болгондуктан, бир эле чечим кабыл алат жана ал чечимди ким туура көрөт, ким туура көрбөйт, ал — өздөрүнүн иштери.

Copyright © 2017 Maral FM