Биз менен байланышыңыз

Талашка түшкөн төрагалык: КСДП кимдики?

Саясат | 18 Апр 2019 | 1239 | 0

КСДП партиясы талашка түштү. Юстиция министрлиги партиянын төрагасы кылып Сагынбек Абдрахмановду каттаса, Алмазбек Атамбаев бул боюнча башкы прокурордун атына арыз жазды. Атамбаев баштаган КСДПнын мүчөлөрү Юстиция министрлигинин кылганын мыйзамсыз деп сыпаттаса, өзүн партиянын төрагасы кылып каттаткан Сагынбек Абдрахманов партиянын банктагы эсептери, мөөрү, уставы боюнча кайрылуу жасады. Негизи эле талашка түшкөн төрагалык мыйзам боюнча кимге таандык, министрликтин каттоого алганы туурабы?

Юстиция министрлиги Сагынбек Абдрахмановду КСДП партиясынын төрагасы кылып каттады. Буга аталган тарап партиянын 3-апрелде өткөн съездиндеги чечимди негиз кылып кайрылышкан. Ал эми министрлик «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдын 18-беренесине таянып, Сагынбек Абдрахмановду каттаганын маалымдады.

— 2019-жылдын 5-апрелинде «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 18-беренесинин талаптарынын алкагында Юстиция министрлигинин дарегине С.Абдрахмановдун колу менен «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын жетекчисин, саясий кеӊештин курамын жана саясий партиянын жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө кабарлама келип түшкөн. Бул кабарламага аталган партиянын 2019-жылдын 3-апрелинде өткөн XVIII съездинин протоколунун көчүрмөсү жана жаӊы жетекчинин (С.Абдрахмановдун) паспортунун көчүрмөсү тиркелген.

Мындан улам Сагынбек Абдрахманов төрагалык укугунан пайдаланып, мурдагы төрагасы Алмазбек Атамбаевден партиянын мөөрүн, уставын кайтарып берүү боюнча кайрылганын билдирди. Ошондой эле партияга тиешелүү банктык операциялар бир гана анын кол тамгасы аркылуу ишке ашыш керектигин айтты.

— Биз Атамбаевге мөөр, устав боюнча кайрылдык. Бирок андан жооп болбогондуктан, аларды жараксыз деп табуу үчүн гезитке жарыялайбыз. Азыркы учурда бизде мөөр, штамп жок болгондуктан, кайрадан жаңы жасатабыз. Анан кайрадан каттатабыз.

Буга удаа эле эл өкүлү Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештен президент Сооронбай Жээнбековго «Сага президент болууга жардам берген партияга мамилең ушундайбы?» — деп кайрылды.

— Мен мындайды көргөн эмесмин. Бул кандай мамиле? Сага президент болууга жардам берген партияга ушундай мамиле болобу? Биз унчукпай отурганыбыз туура эмес.

Андан кийин эле Юстиция министрлигинин каттоосу мыйзам бузуу экенин айтып, КСДПнын Алмазбек Атамбаев баштаган мүчөлөрү айтып чыгышты. Сагынбек Абдрахманов баштаган КСДПда партиянын документтеринин түп нускасы, мөөрү, уставы жок болгондуктан, партияны кайра каттатуусу мүмкүн эместигин билдиришти. Ошондой эле, буга чейин реестрге өзгөртүүлөрдү киргизбөө боюнча бир канча ирет кат жибергенине карабай, министрликтин каттап салганын мыйзамсыз деп эсептешет. Ошондуктан, Алмазбек Атамбаев бул боюнча башкы прокурорго кайрылганын КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева айтты.

— Биз башкы прокурорго арыз жаздык. Эми ал укуктук баа бериши керек. Керек болсо, бул мыйзам бузууну бирдиктүү реестрге каттоосу зарыл. Биз жөн эле партияны берип койбойбуз. 2020-жылы КСДП менен шайлоого барабыз.

«Төрагалыктын айланасындагы талаштын бул деңгээлге чейин жетерин күткөн эмесмин»,- дейт КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков. Ал бул талаштын аягы сотко чейин барарын айтат.

— Мен мынчалык тез болорун күткөн эмесмин. Таң калып жатам. Менимче бул иш сотко чейин барат. Жагдай тууралуу Феликс Кулов так айтып койду эле. Ага кошумчалагым келбейт. Ал так жана дана айткан.

Депутаттын оюн юристтер да кубатташат. Эки тараптын ортосунда талашка түшкөн чечимди эми бир гана сот чечерин КР эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев айтат. «Анткени, Юстиция министрлиги каттоого алууда эки тараптын тең легитимдүүлүгүн текшерип, анан чечим чыгарыш керек болчу. Мында министрлик жаңылыштык кетириши мүмкүн»,-дейт эмгек сиңирген юрист.

Төраганы дагы, партияны кайра каттоону дагы Юстиция министрлиги чечет. Бирок чечүүдө уставга туура келип-келбегендигин такташы керек эле. Министрлик жаңылыштык кетирип коюшу мүмкүн. Эми жаңы төрага каттоодон өтүп калганына байланыштуу, Атамбаевдин партиясы сотко бериши мүмкүн. Ошондо акыркы чечимди сот чыгарат.

Маалыматка ылайык, КСДП партиясы буга чейин акыркы жолу 2017-жылы төрагасын кайрадан каттаткан. Ал эми партия өзү 2012, 2016-жылы кайрадан каттоодон өткөн. Талапка ылайык, кайра каттатуу үчүн сөзсүз түрдө партиянын документтеринин түп нускасы көрсөтүлүшү керек.

 

Copyright © 2017 Maral FM