Биз менен байланышыңыз

Өзгөн: Мыйзамсыз сакталып жүргөн АКС үлгүсүндөгү автомат табылды

Кыска кабар | 3 Апр 2019 | 742 | 0

Бүгүн,  3-апрелде Өзгөн районундагы Куршаб айылында 1976-жылы туулган М. Р. А. аттуу жарандын турак үйүн тинтүү учурунда, АКС үлгүсүндөгү автомат табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы билдирди.

Ош шаардык сотунун 2-апрелдеги токтомуна ылайык, 1976-жылы туулган М. Р. А . Өзгөн районунун Куршаб айылынын турак үйүн, короо-жайын тинтүү учурунда, үйрөтүлгөн иттин жардамы менен отунканасынан килемге оролгон кара түстөгү АКС автоматы табылып, атайын кызматка өткөрүлүп берилди.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан, тинтүү учурунда алынган ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлерине Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Р. аттуу жаран өзүнүн турак үйүндө эч кандай документи жок, мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөнүн билдирген маалымат келип түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM