Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Кыргызстандын депутаты 12 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Кыска кабар | 3 Апр 2019 | 624 | 0

Бүгүн, 3-апрелде Алматынын райондор аралык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун иши каралгандыгын Тengrinews.kz сайты жазды.

Анын жүрүшүндө прокурор соттон Асылбек уулун экономикалык аткезчиликке күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратууну сурады.

Өз кезегинде адвокат Аскар Баймуратов айыптоолорду «жасалма, ойдон чыгарылган» деп атады.

Кошумчалай кетсек, бул иш боюнча соттук жараян былтыр 19-октябрда башталган. Анда Асылбек уулунан тышкары дагы 11 адам айыпталуучу катары сурак берип жатат. Аларга карата «экономикалык аткезчилик» жана «трансулуттук уюшкан топко тиешеси бар» деген айыптар тагылган. Тергөө боюнча айыпталуучулар Кытайдан мыйзамсыз түрдө Казакстан менен Орусияга товар ташып келишкен.

Эске салсак, былтыр февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган 29 кишинин ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. 2018-жылдын апрель айында Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандатынан ажыраткан.

Декабрда экс-депутат казак жарандыгынан ажыратылган. Асылбек уулу өзү сот башталган күнү Кыргызстандын жараны экенин айтып, аны Кыргызстанда соттоону өтүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM