Биз менен байланышыңыз

Руслан Кыдырмышев: «Спорт тарыхында болуп көрбөгөн чоң мелдеш өткөрөбүз»

Жаштайынан жалаң спортто жүргөн, Таэквондо боюнча кара курдун ээси, Бүткүл дүйнөлүк Кулатуу эр таймаш федерациясынын вице-президенти Руслан Кыдырмышев «Марал» радиосунда конокто болуп, жакында боло турчу чоң жаңылыгы менен бөлүштү. 

— Жакында биздин федерация үчүн гана эмес, бүткүл Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ чоң мелдеш болот. Бул мелдештин өзгөчөлүгү мурун мушкерлер чет жактагы спортчулар менен таймашып келишсе, бул жолкусунда өлкөбүздөгү мушкерлер гана таймашат. А бирок, калыстар тобун чет өлкөдөн чакырабыз. Башка өлкөдөн да чакырсак болмок. Бирок, мен үчүн Кыргызстандагы мушкерлердин кимиси күчтүү? Мага ошонусу кызык болуп жатат. «Бир да жолу жеңилип көргөн жокмун», — деген 16 мушкер октагонго чыгат. Кимиси жеңишке жетсе да, MMAдин тарыхында калат.

Кыргызстан менен гана чектелип калбайлы деп, чоң тобокелге салып, Ирандын спорт тарыхында алгачкы жолу Кулатуу эр таймаш мелдешин өткөрдүк. Ага чейин Иранда мындай мелдеш болгон эмес экен. Мындан тышкары, Москвада да ушундай эле мелдеш өткөрдүк. Баса белгилей кетчү жагдай, ММАдин статистикасында Кыргызстан 6-орунда турат. Бул өлкөбүз үчүн чоң жетишкендик. Кала берсе, Европа мамлекеттери да бизден кыйла артта.

Төрт жарым жылдын ичинде 74 жолу эл аралык деңгээлдеги мелдеш өткөрүптүрбүз. Аныгында, жогорку денгээлдеги мелдеш өткөзүү оңойго турбайт. А биздин ар бир мелдешибиз эң жогорку уюшкандыкта өтүп келет десем мактанчылык болбос.

Дүйнө жүзүндө беш миңден ашуун федерация бар. Акыркы бир жылдын жыйынтыгы менен ушунча көп өлкөнүн ичинен Кыргызстан 30-орунду ээледи. Демек, кыргыз спортчуларынын кандай иш алып барып жатканын ушундан эле байкап билсек болот.

Copyright © 2017 Maral FM