Биз менен байланышыңыз

Сьездбек Искеналиев: «Кылыктанасың» кыздарды сыйлоого үндөйт»

Таанымал ырчы, актер, продюсер Съездбек Искеналиевдин өнөр дүйнөсүнө аралашканына 18 жыл толду. Ошол он сегиз жылда көптөгөн ийгиликтерди жарата алды десек аша чапкандык болбос. Ырдап эле тим болбой, актер катары да, продюсер катары да өзүн тааныткан өнөрпоз «Марал» радиосунун «Желе шоу» программасында конокто болуп, акыркы жаңылыктарын жана болочок пландарын айтып берди.    

— Чыгармачылыкта өзүмдүн бекитилген жолум бар. Биздин башкы жумушубуз: репертуарды жакшы ырлар, клиптер менен толуктап, жаңылыктар менен кабардар кылып туруу.

Ал эми быйылкы жылдагы жаңылыктарымды айта турган болсом, Элзар Өскөнбаева экөөбүз Шаршен Термечиковдун «Кантың бар» ырын аткарып чыктык. Катардагы ыр болуп калбасын деп, клибин дагы өзгөчө тартууну туура көрдүк. Биздин максат: жөн эле репертуарды ырга толтуруу эмес, унутта калып бараткан маданиятыбызды элге алып чыгуу. «Так теке» күүсүн кошуу, так текенин ролун ойноо идеясы да ошондон улам пайда болду. Жөн эле, «Ушундай бир күү бар экен», — десек, балким, эч ким кызыкмак эмес чыгар, а ырдын клиби аркылуу көптөрдү кызыктырып койдук деп айта алам.

Азыр  бир нерсе кылсаң эле, интернетте чуу болот. Дегеним, дагы бир чуу жаратайын деп турам. Жылдызбек Турсунбаевдин сөзүнө жазылган, обону өзүмө таандык «Кылыктанасың» аттуу ырыма клип тарттык. Клипке: «Кыздарды капа кылбагыла, аларга аяр мамиле жасагыла»,  — деген ойду чагылдырып, анан кыздардын анча-мынча кылык-жоруктарын да камтый кеткенбиз. Айтор, көрсөнүздөр кайдыгер калбайсыздар.

Быйыл шоу дүйнөсүндө жүргөнүмө 18 жыл толду. Ошондон бери өнөр куржунум 25 клип, 6 тасма, 80ден ашуун өзүмдүн обонум, башка обончулардын мен аткарган ырлары менен толукталыптыр. Буйуруса, ушул жылы элдин эсине кала турган шоу концерт берейин деп турам.

Copyright © 2017 Maral FM