Биз менен байланышыңыз

Тиллаев: Чек арадагы кыргыздардын 70 үйү тажик тарапка сатылып кеткен

Кыска кабар | 3 Апр 2019 | 873 | 0

2010-жылдан бери Баткен районундагы Таш-Тумшук айылында кыргызстандыктардын 103 үйүнүн 43ү тажик тарапка сатылып кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев парламенттин жыйынында билдирди. Анда ал чек арада жайгашкан Көк-Таш айылында 27 үй, 67 жер участогу да кошуна тарапка сатылганын маалымдады.

Баткендеги Жеке-Өрүк айылында тажик тарап 37 үй куруп, 1 ашкана, 1 самсыкана, 1 унаа жуучу жай жана 1 наабайкана курулган. Лейлектин Максат айылында 37 гектар, Садыда 9 гектар, Кулундуда 28 гектар жер тажик тарапка өттү. Алар биздин 607 гектар жайытыбызды пайдаланса, кыргызстандыктар кошуналардын 160 гектарын гана колдонуп келет. Биз качанга чейин чечкиндүүлүгүбүздү көрсөтпөй, өзүбүздөн өзүбүз жаап-жашырып отура беребиз?

Эл өкүлү чек ара аймактарындагы социалдык маселелерди чечүү талабын да койду.

Copyright © 2017 Maral FM