Биз менен байланышыңыз

Зулпукаров: Асылбек Жээнбековдун активдүүлүгү азайды

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Апр 2019 | 1059 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров «Марал» радиосуна берген маегинде Сооронбай Жээнбеков президент болгон соң, эл өкүлү Асылбек Жээнбековдун активдүүлүгү азайганын билдирди.

Анын айтымында, Асылбек Жээнбеков агасы президент болгонго чейин өлкөдө таасирдүү киши болчу.

«Асылбек Шариповичтин бийлик бутактарына таасир этүү аракети жок. Аны менен бул теманын үстүндө сүйлөшкөн жокпуз. Асылбек Шарипович да КСДП тууралуу ойлонсо керек», — дейт Зулпукаров.

Кошумчалай кетсек, эл өкүлү Асылбек Жээнбеков президент Сооронбай Жээнбековдун иниси.

Copyright © 2017 Maral FM