Биз менен байланышыңыз

Зулпукаров: Атамбаевди КСДПдан бөлүп кароо туура эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Апр 2019 | 900 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди КСДПдан бөлүп кароо туура эмес. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«КСДПдан Атамбаевди бөлүп кароо кыйын. Партиялык система толук өнүкпөгөндүгүнө байланыштуу бизде партияны жеке адамга байлоо түшүнүгү бар. Ал жалпы элдики болушу керек. Көпчүлүк Алмазбек Атамбаевди колдоп турса, партияны күч менен тартып алуу да туура эмес. КСДП келечекте кимге каларын убакыт көрсөтөт. КСДПнын келечеги партиянын азыркы абалына байланыштуу болот», — дейт Зулпукаров.

Эл өкүлүнүн баамында, КСДП фракциясы менен партиядагы түшүнбөстүктөргө президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин тиреши эмес, акыркы коррупциялык көрүнүштөр таасир берди. Бул тиреш өлкө стабилдүүлүүгүнө таасирин тийгизбейт.

«ЖЭБ чыры боюнча КСДПнын адамдарына кылмыш иши козголду. Бул коррупциялык схемалар сот аркылуу аныкталса, КСДПнын аброю түшөт. 2010-жылдан тарта КСДП таасирдүү партиялардын катарында болгон. Партиянын сакталып калуусу үчүн убагында ынтымакка чакырганбыз», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM