Биз менен байланышыңыз

Украина: Бюллетендин 40%ы эсептелди. Владимир Зеленский алдыда

Без рубрики | 1 Апр 2019 | 404 | 0

Украинада президенттик шайлоо бүтүп, добуштарды саноо жүрүп жатат. Алдын ала маалымат боюнча талапкерлер Владимир Зеленский, Петр Порошенко жана Юлия Тимошенко алдыда келатат.

Украинада президенттик шайлоонун экинчи туру 21-апрелге белгиленери күтүлүүдө.

Сан-Франциско шаарында шайлоо участкасы жабылып, Украинадагы президенттик шайлоонун биринчи туру расмий аяктады. Андагы катталган 23 миң кишинин 348и добуш берүүгө катышкан.

Украинанын борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча учурда Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык, проктоколдордун 40 %ы текшерилген. Анда Зеленский 30,22% добуш менен алдыда. Экинчи орунда учурдагы өлкө башчысы Порошенко 16,65% менен, ал эми «Батькивщина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко 13,13% менен үчүнчү орунда келатат.

Copyright © 2017 Maral FM