Биз менен байланышыңыз

«Замандаш» партиясы жаңы программа менен элге чыкты

Кыска кабар | 30 Мар 2019 | 1068 | 0

Бүгүн, 30-мартта Чүйдүн Токмок шаарында «Замандаш» саясий партиясынын «Келечек 4.0» программасынын бет ачары болду. Партиянын лидери Жеңишбек Молдокматов жергиликтүү элге кайрылып, партиянын жасап жаткан иштери, келечекке багытталган программасы менен тааныштырды. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат кызматы кабарлады.

«Шайлоо жакындаганда эле партиялар активдешип, «мектеп, бала бакча салып беребиз» деген сыяктуу убадаларды берип башташат. Бирок, мунун баары партиянын негизги ишине кирбейт. Партиянын максаты — саясий реформа жасоо. Андыктан, кийинки парламенттик шайлоодо акчанын эмес, идеянын, программалардын күрөшү болсун!», — деген чакырык таштады.

Жергиликтүү эл Молдокматов туура маселе көтөрүп жатканын билдиришип, партиянын программасын колдоого алып, жардам беришерин айтышканы маалыматта белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM