Биз менен байланышыңыз

Молдакматов: Уран боюнча өкмөт да, парламент да жооптуу

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 685 | 0

Өкмөт Кызыл-Омполго бир нече жолу барып, өзү лицензияны улам-улам узартууга жардам берип келген. Мындай пикирин «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдакматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөт кабыл алынган бир нече мыйзамды көзгө илбей келүүдө. Ушул убакка чейин 8 жолу өкмөттүк кеңеш Кызыл-Омполго барып, лицензияны узартып келген. Бирок учурда өкмөт «биздин кабарыбыз жок эле» деп тайсалдап жатканын кошумчалады.

«Азыркы парламент да, өкмөт да толугу менен жооптуу. 2010-жылдан 2014-жылга чейин эле 4 жолу лицензия берилген экен. Өкмөт берип жаткан лицензияны өкмөттү кураган парламенттин билбей жатканы, биздин трагедиябыз болуп саналат», — дейт Молдакматов.

Ал эми Шыкмаматов эгерде ушинтип «крайний» адамды издеп отура берсек, жалпы тарыхты чукуп чыгыш керек болорун айтып, президенттин, премьердин, спикердин так позициясын билиш керектигин билдирди

Ошондой эле, будамайлап, бирөөлөрдүн атын атагандан коркуп, жоопкерчиликти илип коё турган адам издесек, тээ тарыхты чукулап Хрущевге чейин жетишибиз мүмкүн экенин айтып өттү.

Copyright © 2017 Maral FM