Расмий маалыматтарга ылайык, 7 жылдын ичинде Орусияда кароосуз калган 96 бала Кыргызстанга кайтарылган. Адистердин айтымында, бул расмий маалымат гана. Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, кайтарылган балдардын 22си балдар үйүнө берилген. Бул туурасында министрдин орун басары Жаңыл Алыбаева маалымдады.
— Өткөн жылы 17 бала Мекенине кайтарылды. Ал эми 2011-2018-жылдар аралыгында жалпы 96 бала алынып келинген. Алардын ичинен 52си үй-бүлөгө берилген. Мунун ичинен 12 бала фостердик үй-бүлөгө, 10 бала асырап алуучуларга берилсе, 22 бала социалдык-стационардык мекемелерде жашайт.
Быйылкы жылдын башында эле Орусиядан 6 бала келген. Азыркы тапта экөө үй-бүлөгө берилип, калгандары боюнча учурда иш-чаралар жүрүп жатат. Министрликтин өкүлү Самаган Асановдун билдиришинче, биринчи кезекте балдардын жакындарын таап, аларды кайтарып берүүгө аракет жасалат. Эң акыркы чара катары гана балдар үйүнө которулат.
— Жыл башында Орусиядан 6 бала алынып келинди. 2 бала үй-бүлөгө кайтарылган. Калган 4 бала боюнча иштер жүрүп жатат. Биринчи кезекте үй-бүлөсүн издейбиз.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, миллионго жакын кыргызстандык мигрант катары жүрсө, акыркы учурда алардын жарымын аялдар түзөт. «Улуттун генофонддун түзүүдө таасири чоң болгон аялдардын өлкөдөгү экономикалык-социалдык кырдаалга байланыштуу бөтөн жерге кетип, балдардын кароосуз калышы, жашы жете элек кыздардын боюна бүтүп калуусу чоң трагедия», — дейт «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов. Ошондуктан, аларды өлкөдө жумуш орундары менен камсыз кылбаса да, жок дегенде өлкөдөн чыккандан кийин шарт түзүү маселесин кароо керектигин айтат.
— Миграцияны трагедия деп жатканыбыздын себеби, мигранттардын жарымын энелер, аялдар түзүп жатат. Анткени, энелер улуттук генофондду түзүүдө чоң таасири бар. Мисалы, бир кыз боюна бүтүп төрөгөн. Бирок таштоого аргасыз болгон. Себеби, баланы карай турган киши жок. Каттоодон өтүп койгондуктан, Кыргызстанга кайтып келе албайт. Баргандан кийин иштеши керек, бул жактан алган кредити бар. Аргасыз ушинтип баласын таштайт. Мындай мисалдар толтура.
Көпчүлүк учурда мындай кырдаалга турмуш кура элек кыздар кабыларын адистер белгилешет. Мындан улам, миграциянын терс тарабы болгон бул көрүнүштү тыюу оорчулук жаратат. Ошондуктан, кыздарга улуттук баалуулуктарды үйрөтүүнү мектептен баштоо керектигин эл өкүлү Махабат Мавлянова белгилейт. Азыркы тапта балдарга улуттук баалуулуктардын негизинде тарбия берүү боюнча концепция иштелип жатканын айтып, оюн төмөндөгүчө бөлүштү:
— Азыр баарын бирден айтып тыюуга мүмкүн эмес. Бирок комплекстүү иш-чара керек. Кыздарга мектеп жашынан баштап, улуттук баалуулуктарды үйрөтүү зарыл. Жаш кезинен үй-бүлө институтунун баалуулуктарын билип чоңойсо, мындай кадамга барышпайт.
Азыркы тапта өлкө аймагында 3 ымыркай үйү бар. Реабилитациялык борбордун адистеринин айтымында, Орусиядан алынып келинген балдардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Эң өкүнүчтүүсү, акыркы учурда жаш энелер тургай, орто курактагы энелер тарабынан ташталган балдар да көбөйүүдө.