Биз менен байланышыңыз

Молдакматов: Бир-эки шылуун гана уранды иштетебиз деп чыгып жатат

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 673 | 0

Учурдагы башкы маселе Кызыл-Омполдогу кенди казууга берилген лицензияны жокко чыгаруу болуп турат. Бул тууралуу «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдакматов «Марал» радиосуна берген маегинде айтты.

«Юразия: «Биз Кыргызстанга жакшылык кылалы деп жатабыз. Уранды жер астынан чыгарып, ташып кетели», — деп жатышат, бирок, аны зыянсыз чыгаруу мүмкүн эмес да. Казып алгандан кийин, жердин калыбына келүүсү да, бир топ жылды талап кылат», — дейт Молдакматов.

Андан сырткары, бир-эки шылуун гана уранды иштетебиз деп чыгып жатат. 300гө жетпеген адамды иш менен камсыз кылабыз деп, 6 миллион элди садагага чаппаш керектигин кошумчалады.

«Уранды иштетүүнү токтотобуз десек, компенсация маселеси чыгышы мүмкүн. Эгерде компенсация төлөйсүңөр десе, соттошуп аягына чейин барышыбыз керек. Жок, болбой эле соттон да жеңилип калдык дегенде, ошол лицензияны бергендерди жоопко тартып төлөтүшүбүз керек», — деп билдирди Молдакматов.

Copyright © 2017 Maral FM