Биз менен байланышыңыз

Кытайдагы заводдо жарылуу болуп, 5 киши набыт кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Мар 2019 | 520 | 0

Кытайдын чыгыш тарабындагы Шаньдун провинциясындагы заводдо жарылуу болуп, 5 киши набыт кетти. Кырсыктан дагы үчөө жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке таянып, RTHK гонконгдук телерадиоберүү корпорациясы кабарлады.

Кырсык жума күнү кечинде Цинчжоу шаарындагы перлит чыгаруучу ишканада болгон. Кырсыктын келип чыгышына газды туура эмес пайдалануу себеп болгон деген алдын ала божомол айтылууда.

Заводдун ээсин полиция кармап, учурда суракка алууда.

Copyright © 2017 Maral FM