Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош унаа жолу жеңил унаалар үчүн ачылды

Кыска кабар | 30 Мар 2019 | 1050 | 0

Бүгүн саат 10.20да алынган маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолу саат 10дон баштап, жеңил автоунаалар үчүн ачылды. Ал эми жүк ташуучу унааларды өткөрүүгө тыюу салынды.

Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган кызматтын билдиришинче, кар көчкү түшүү коркунучу дагы деле кете элек. Ошондуктан, унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону айдоочуларга эскертет.

Эскерте кетсек, аба ырайынын кескин бузулганына байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолу кечээ кечки саат 10до жабылган.

Copyright © 2017 Maral FM