Биз менен байланышыңыз

«Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрүү бекетинде тыгын пайда болду

Кыска кабар | 29 Мар 2019 | 689 | 0

Бүгүн, 29-мартта кыргыз- казак чек арасынын «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрүү бекетинде жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

«Тыгындын пайда болуу себеби: казак тарап жаңы орноткон чек ара бекетинде тыкыр көзөмөл жүрүп жаткандыгында», — дешти аталган кызматтын өкүлдөрү.

Саат 14:30га алынган маалымат боюнча «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл-өткөрүү бекетинде 140 жүк ташуучу унаа кезек күтүүдө.

Башка пункттарда мындай кырдаал жок.

Copyright © 2017 Maral FM