Биз менен байланышыңыз

Футзал плей-офф: “Ала-Тоо” — “Мурас” беттештери менен башталат

Кыска кабар , Спорт | 29 Мар 2019 | 504 | 0

Бүгүн 29-мартта Кыргызстандын футзал боюнча чемпионатынын Супер лигасынын  плей-офф баскычындагы беттештери башталат. Анда “Ала-Тоо” жана “Мурас” командалары беттешет. Оюн Нарын шаарындагы «Газпром» Ден соолукту чыңдоо борборунда 18:00дө болот.

Командалар бул сезондо өз ара үч расмий беттеш өткөргөн. Бир беттеште «Мурас» командасы, бир беттеште «Ала-Тоо» командасы жеңишке жеткен.

Плей-офф баскычында оюндар эки утушка чейин созулат. Чейрек финалдык беттештердеги алгачкы оюндар турнирдик жадыбалда атаандашынан ылдыйкы сапта турган команданын үйүндө өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM