Биз менен байланышыңыз

Осмонбетов: Путиндин мамлекеттик сапары салмактуу өттү

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2019 | 608 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапары салмактуу өттү. Кыргызстан Орусия менен тең ата сүйлөшө алды. Бул тууралуу эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Путиндин сапарынын алкагында түзүлгөн келишимден эки тарап да пайда табууда.

«Орусиянын бирдиктүү аскердик базасы турган жер аянтына болгон ижара акысы 291 миң долларга көбөйтүлдү. Бирдиктүү аскердик база үчүн 500 млн. долларга жакын каражат — салыштырмалуу жакшы. Анткени Орусиянын Тажикистанда да объектилери бар, бирок, аларга акча төлөбөйт. Демек, Орусия Кыргызстанга өзгөчө мамиле жасап жатат. Бирдиктүү аскердик база — коопсуздук үчүн пайдалуу«, — дейт Осмонбетов.

Эске салсак, Путиндин Кыргызстанга жасаган алгачкы мамлекеттик визитинин алкагында 17 келишимге кол коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM