Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Путин Чынгыз Айтматовдун үй-музейине барды

Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 716 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин алкагында бүгүн, 28-мартта эки өлкөнүн мамлекет башчылары Бишкек шаарындагы Чынгыз Айтматов атындагы үй-музейге барышты.

Президенттер жазуучунун үй-бүлөсү менен маектешти. Чынгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов аларга музей жөнүндө, атасынын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.

Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин үй-музейди көрүп чыккандан кийин, эстелик жазуулар китебине өз каалоолорун жазып, кол тамгаларын калтырышты.

Copyright © 2017 Maral FM