Биз менен байланышыңыз

Эрлан Камалов: Кол коюлган иштер аткарылышы керек…

Күн чабыт | 28 Мар 2019 | 205 | 0

Бишкекте өтүп жаткан эки өлкөнүн ишкерлер форумунда Кыргызстандын инвестицияларды өнүктүрүү агенттиги менен Орусиянын «Русэлпром» энергетикалык концернинин ортосунда 1,5 млрд. долларлык меморандумга кол коюлду. Аны менен катар эле орусиялык ишкерлерден айыл чарба тармагына инвестиция салып, логистикалык борбор курууга кызыккандары да жок эмес. Форум бүгүн да уланат. Ушул иш-чаранын алкагында биз экономист Эрлан Камалов менен маек курдук.

— Эрлан мырза, Орусия менен Кыргызстандын орток аянтчалары көп эле. Бул форумда Кыргызстанга кайсы тармактар боюнча инвестиция тартууга аракет кылынганы оң?

— Жалпы 1,5 млрд долларлык келишимдерге кол коюлуп отурат. Бул абдан жакшы көрүнүш. Мен айтат элем, негизинен биз кайра иштетүү тармагына басым жасашыбыз керек. Биргелешкен ишканаларды түзүү аркылуу инвистиция тартуу жана аны  менен бирге алдыңкы техникаларды, технологияларды биздин рынокко киргизүү шартын карашыбыз керек. Орусия үчүн керектүү болгон көптөгөн заводдор өлкөбүздө толук иштебей жатат. Ошондуктан, ал ишканаларды жандандыруу учурдун талабы. Бул үчүн Орусиянын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Экинчиден, дагы бир артыкчылыгыбыз, биздеги арзан жумушчу күчү да Орусия бизнесин кызыктырат деген ойдомун. ЕАЭБтин потенциалын толук колдоно албай жатабыз. Ал жерде биздин кенен мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Биринчи кезекте, Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан айыл чарба азык-түлүктөрүн кол коюлуп жаткан документтин негизинде Орусия аркылуу Европага экспорттоого жол ачылды десек болот.

— Энерегетикалык тармакка да кызыккандар бар экен. Буга чейин «Русгидро» компаниясынын Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу иши аягына чыкпай калды эле. Бул ишти аягына чыгаруу маселеси форумда каралышы керекпи?

— «Русгидро» менен “Русэлпром” ишканасы эки башка юридикалык тарап болуп эсептелинет. Менимче, Жогорку Нарын каскаддарын куруу боюнча да сүйлөшүүлөрдү улантылышы керек. Анткени, бул жерден биз: «Аны кайра улантууга күчү жетеби? Экономикалык жактан эффективдүүлүгү барбы?» — деген сыяктуу маселелерди карап чыкканыбыз туура болот. Албетте, бул сот аркылуу эмес, ушундай чоң форумдарда, мамлекеттик жетекчиликтин деңгээлинде чечиле турган иш. Андан сырткары, Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын колдонуу керек. Биз Борбордук Азиядагы гидроэнергетикалык ресурстары жакшы мамлекет катары алдыңкы орунга чыга алсак, бизде дагы чоң мүмкүнчүлүк пайда болот.

— Кыргызстан  Орусиялыктарга өзгөчө ыңгайлуу болгон кайсы тармакты сунуштай алат?

— Менимче, бул жерде Кыргызстан менен Орусиянын туризм тармагында биргелешип иш алып баруусуна чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Орусия Федерациясында туризм тармагы жакшы өнүккөн. А бирок ушул форумда  конкреттүү туристтик документтерге кол коюлбаптыр. Келечекте болуп калар деген ишеничтемин. Себеби, аталган мамлекетке биздин туристтик мүмкүнчүлүктөрүбүз жакшы тааныш, демек бул багытка да басым жасашыбыз зарыл. Анан, Орусиянын товарларын Кыргызстанга импорттоо менен гана чектелбестен, биздин да товарларды аларга экспорттону талап кылышыбыз шарт. Бул форум көптөгөн келишимдерге кол коюлуп, бир эле багытты карабастан, бир канча маселелер көтөрүлгөнү үчүн, эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусу өзгөчө мааниге ээ.

— Кабыл алынып, бирок аткарууга келгенде ишке ашпай калган келишимдер да көп. Бул иштер кагаз жүзүндө калып калбоосу үчүн кандай кадамдарга баруубуз зарыл?

— Келишимдерди аткаруу жана аткартуу өзүбүздөн көз каранды. Анүчүн тиешелүү тараптар активдүүлүгүн көрсөтүшү керек. Ошол эле учурда, аларды тескөөчү тарап да тыкыр көзөмөлдөп, ушундай мүмкүнчүлүктү пайдаланып калышы зарыл. Дагы бир басым жасай турчу жагдай, ЕАЭБтин алкагында, «Кыргыз-орус өнүктүрүү» фонду иштеп жатат. Аталган фондду өнүктүрүп, мындан ары да көптөгөн иштерди алып барса жакшы болмок.

Copyright © 2017 Maral FM