Биз менен байланышыңыз

Жусупбекова: 6-класстардын китеби Индиядан келет

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Мар 2019 | 1027 | 0

6-класстар үчүн «Математика» окуу китеби Индиядан басылууда, жакынкы убактарда келип калат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, китептер Дүйнөлүк банк каржылаган долбоордун шартынын негизинде Индияда даярдалды.

«32 аталыштагы 5-6 класстардын 2 гана китебинен ката кеткен. Көйгөй жаратып жаткан маселелерди жоюунун үстүнөн иштер жүрүүдө. Учурда китеп боюнча жоопкерчиликти күчөтүп жатабыз. Мектепте мугалимдер ата-энелерден китеп сатып алуусун талап кылбашы керек. Эгер ушундай абал жаралса, ата-энелер 0554 33 66 58 номуруна кайрылса болот», — дейт Жусупбекова.

Ал буга кошумча, министрлик тажрыйбалуу мугалимдерди ротация кыла албай турганын белгиледи.

«Ар бир мектеп ийгиликтүү болушу керек. Бул үчүн акредитация системасын киргизгениз. Ийгиликсиз директор башка мектепке которулса, жакшы иштеп кетпейт. Баланы мектепке, бала бакчага киргизүүдө акча берүү мыйзамсыз», — дейт Жусупбекова.

Copyright © 2017 Maral FM