Биз менен байланышыңыз

Ташкентте КМШ өлкөлөрүнүн чек ара кызматынын башчыларынын жыйыны өтөт

Без рубрики , Кыска кабар | 27 Мар 2019 | 464 | 0

28-мартта Ташкентте КМШ өлкөлөрүнүн чек ара кызматынын башчыларынын кезектеги 81-жыйыны өтөт.

Жолугушууга Армениянын, Азербайжандын, Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын чек ара кызматынын башчылары менен КМШнын терроризмге каршы борборунун, ошондой эле ШКУнун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн Аткаруу комитети катышмакчы.

Жолугушуунун жүрүшүндө, мамлекеттердин тышкы чек аралар боюнча абалы талкууланат. Ошондой эле 2021-2025-жылдары тышкы чек арадагы коопсуздукту күчөтүү боюнча Борбордук Азия өлкөллөрүнүн өнүгүү багыттары жана мамлекеттердин кызматташуу программасынын долбоору каралат.

Copyright © 2017 Maral FM