Биз менен байланышыңыз

Орусиянын “кара тизмесине” түшкөн мигранттар майдан баштап кайра кирсе болот

Кыска кабар | 27 Мар 2019 | 780 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алдында Орусиянын аймагында миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн Кыргызстандын жарандарын легалдаштыруу боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Орусиянын Федералдык мыйзамынын 26-беренесинин негизинде Орусия аймагына кирүүгө чектөө коюлган “кара тизмедеги” кыргыз мигранттары кайрадан Орусияга 1-майдан тартып  кирсе болот.

Кара тизмеде эмес, бирок Орусияга кирүүгө чектөө коюлган Кыргызстандын жарандары, сот органдарынын чечими менен “кара тизмеге” киргизилгендер, анын ичинде, өз алдынча чыгып кетүү жолу аркылуу чыгаруу жөнүндө соттун чечими кабыл алынган мигранттар Орусияга тыюу салуу мөөнөтү аяктаган соң гана кире алышат.

22-апрелге чейин миграция мыйзамдарын бузуу менен, Орусиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары Орусиянын чегинен тоскоолдуксуз, чыгууга жана кайрадан каалаган мезгилде административдик жоопкерчиликке тартылбастан кирүү укугуна ээ.

Административдик жаза пулдары бар Кыргызстандын жарандары Орусиядан чыгып кетер алдында бардык жаза пулун төлөөгө тийиш.

Миграциялык мунапыс издөөдө жүргөн кыргыз жарандарына тиешеси жок.

Административдик жоопкерчиликке тартылган, бирок дагы деле Орусиянын аймагында жүргөн кыргызстандыктар да мунапысты пайдалана албайт.

Орусиянын аймагына кирген Кыргызстандын жарандары Орусия мыйзамдарына ылайык 30 күндүн ичинде миграциялык катоого туруусу керек.

Copyright © 2017 Maral FM