Биз менен байланышыңыз

Москвадан 372 кыргызстандык учуп келди (сүрөт)

Кыска кабар | 26 мая 2020 | 730 | 0

Бүгүн, 26-майда, Москвадан «Аэрофлот» авиакаттамынын чартердик рейси менен 372 кыргызстандык Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат Департаментинен билдирдишти.

Аталган каттам менен 5 айдан 8 айга чейинки мөөнөттөгү 319 кош бойлуу аял, ошондой эле 2 жашка жете элек бала менен 53 эне келди.

Бардык кош бойлуу аялдар кош бойлуулугу тууралуу тийиштүү маалымкат жана чартердик каттам менен учууга уруксат кагаздарын тапшырышкан.

Ошондой эле бул каттам менен баасы “эконом-класс” багытындагы орундардан 6 эсе жогору “бизнес-класс” багытынан орун алган 26 жаран келген.

Негизинен алар оорукчан жарандар, ошондой эле жакындарынын каза болгондугуна байланыштуу чыккан аялдар болду. Мындан сырткары, Орусиянын өтүнүчү менен бул каттамга 5 орус жараны кошулду.

Аталган авиакаттам менен учуучу жүргүнчүлөрдүн тизмеси Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы тарабынан сунушталган Кыргызстандын бардык аймактарынын өкүлдөрү жана дарыгер, юристтер кирген байкоочу кеңештен турган жумушчу топтун жыйынында бекитилген.

Кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча иш-чаралар Кыргызстандын президенти койгон тапшырмалардын алкагында ишке ашырылууда, алар туруктуу негизде, ошондой эле өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда иштелип жатат.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Copyright © 2017 Maral FM