Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Кыргызстанда орус тили расмий бойдон калат

Кыска кабар | 27 Мар 2019 | 922 | 0

Кыргызстанда орус тили расмий деп таанылып келген жана мындан ары да расмий бойдон калат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда билдирди. Ошондой эле учурда Кыргызстандын билим берүү тармагында реформа жүрүп, өлкөбүз узак мөөнөттүү өнүгүү багытындагы билим берүү тармагына көңүл буруп жатканын да белгиледи.

-Жогорку окуу жайларда реформа жасала баштады. Бизге дүйнөнү тааныта турган эле эмес, экономиканы көтөргөн, коомду жана жашоо-тиричиликти алдыга жылдырган билим берүү системасы да керек. Бүгүнкү форумда эки тараптуу тажырыйба алмашуу жана кызматташууга көңүл бурасыздар деп ойлойм. Кесипкөй адистерди   заман талабына ылайык биргелешип даярдоо жана биргеликте илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу жолу каралышы зарыл, — деди президент

Кошумчалай кетсек, Бишкекте кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун I форуму өтүүдө. Бул иш-чара 28-мартта да уланат.

Copyright © 2017 Maral FM