Биз менен байланышыңыз

Казакбаев: Бабановсуз Республика партиясынын потенциалы бар

Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 582 | 0

Бабановсуз Республика партиясы азыр мурункудай чоң саясий күч болуп турат деп айталбайм, бирок өзүнүн орду бар. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин Республика-Ата-Журт фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Маралга берген маегинде билдирди.

«Бабановсуз Республика партиясынын потенциалы болгон жана азыр да бар. Эң жөнөкөй далил, орус изилдөө фонддорунун, кыргыз соцалдык фонддорунун, америкалык фонддорунун сурамжылоолорунун жыйнтыгында Республика партиясы 2чү жана 3чү орунда келе жатат. Ал жерде Бабанов жөнүндө сурамжылоо болгон жок, партия жөнүндө гана сурамжылоо болуп жатат. Азыр мурункудай чоң саясий күч болуп турат деп айталбайм, бирок өзүнүн орду бар саясий күч катары,»-деди Руслан Казакбаев.

Copyright © 2017 Maral FM