Биз менен байланышыңыз

Раиса Атамбаева Зироатхон Мирзиёеванын чакыруусу менен Ташкентке учуп кетти

Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 686 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева баласы Кадыр Атамбаев менен Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон Мирзиёеванын чакыруусу менен Ташкентке учуп барышты. Бул тууралуу КСДП париясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн фейсбук баракчаысына жарыялады.

Раиса Атамбаева менен Зироатхон Мирзиёеванын ортосунда жакшы достук мамиле бар, алар дайым байланышып турушат”, — деп жазган Кундуз Жолдубаева.

Маалыматка ылайык Раиса Атамбаева баласы менен 28-мартта Бишкекке кайтып келишет.

 

Copyright © 2017 Maral FM