Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев чет өлкөгө кетти

Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 578 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев чет өлкөгө учат. Анын учурда аэропортто учак каттамын күтүп жатканын «24.kg» сайтына күбөлөрү билдиришкен.

КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева Кадыр Атамбаев аспирантурага тапшырыш үчүн өлкөдөн чыгып жатканын билдирди. Бирок анын кайсы шаарда окуусун уланта турганын маалымдаган жок.

Кадыр Атамбаев — мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу. Ал атасынын камакка алынышынан кийин бийликти катуу сындап келген.

 

Copyright © 2017 Maral FM