Биз менен байланышыңыз

Манас Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 1209 | 0

Президенттик Аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу «Ала-Тоо-24» каналынын 2-июлдагы  иликтөөсүндө сөз болду. Анда Атамбаева Арабаевден курулуш компаниянын ишин сотто кароого жардам берүүсүн өтүнгөнүн айткан.

— 2016-жылы БЛС курулуш компаниясынын ишин кароо учурунда ал бир нече жолу жолугушууну талап кылды. Жолуктук. Арасында уулу Раис да болгон. Анда экинчи инстанциядагы соттук ишти чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү, — деген Арабаев көрсөтмө берип жатып.

Коомдук каналдын иликтөөсүндө мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева мыйзамсыз чечим чыгарган судьяларды да калкалап келгени боюнча да айтылган. Манас Арабаев берген көрсөтмөсүндө Атамбаева Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Элвира Жаркееваны калкалаганын да билдирген.

Жаркеева өткөн жылдын 22-декабрында «коррупция», «пара алуу»,  «пара берүү» жана «пара берүүгө ортомчулук кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган болчу.

Кошумчалай кетсек, Манас Арабаев 2018-жылы жетекчинин ишениминен кетти деген жүйө менен Президенттик Аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматынан кеткен. Ушул жылдын 3-июнунда «коррупция» беренеси боюнча кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM