Биз менен байланышыңыз

Быйыл Нарын шаарынын жолдору оңдолот

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Мар 2019 | 974 | 0

Учурда Нарын облусунан башка бардык аймактарда унаа жолдор тегизделип, кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ал үчүн 298 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Содомбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы Нарын шаарында курулушу бүтпөй калган жолдор быйыл оңдолот.

Буга кошумча, Токтогул районунда Үч-Терек-Өзгөрүш унаа жолунун 1 чакырымына асфальт төшөлөт. Ташкөмүр — Аксы унаа жолуна оңдоо иштери жүрөт.

«Биздин департаментке 2019-жыл үчүн 1 млрд 963 млн сом каралган. Ага 126 чакырым жол асфальтталып, тийиштүү жолдор оңдоп-түзөөдөн өтөт. Жыл башында капиталдык салым беренеси боюнча былтыр бүтпөй калган объектилердин тизмесин түзгөнбүз. Эми өкмөт бекитип берсе иш башталат. Курулуп жаткан жолдордун сапатын текшерүү үчүн көчмө лабораториялар алынып келинген. Бишкек — Койташ — Ысык-Ата жолун текшерип келдик. Быйыл жасалбай калган, бузулуп кеткен объектилердин баарын калыбына келтиребиз», — дейт Содомбаев.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана жолдор министрлигинин балансында 18 миң 700 чакырымдан ашык жол бар. Анын 6 миң чакырымдан көбүнө асфальт төшөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM