Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-орус аймактар аралык VІІІ конференциясына 800 делегат катышат

Кыска кабар | 24 Мар 2019 | 521 | 0

Кыргыз-орус аймактар аралык VІІІ конференциясына 800дөн ашык делегаттардын катышуусу күтүүлүдө. Алардын арасында Кыргызстандын жана Орусиянын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, эксперттер жана лидерлер катышмакчы. Бул тууралуу «Росконгресс» фонду билдирди.

Жыйындагы негизги иш чара катары Кыргызстандын Экономика министри менен Орусиянын Экономика министринин катышуусундагы пленардык жыйын болмокчу.

Пленардык жыйындын аягында Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда экономиккалык интеграция жана кызматташтык боюнча эки тараптуу макулдашуулар менен меморандумдарга кол коюулмакчы.

“Интеграция жана стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы горизонттору” аттуу Кыргыз-орус аймактар аралык VІІІ конференциясы эки өлкөнүн Экономика министрлиги тарабынан «Росконгресс» фондунун колдоосу менен уюштурулуп жатат.

Иш чара Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында өткөрүлмөкчү.

 

Copyright © 2017 Maral FM