Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаардын» алкагында «112» уюлдук тиркемеси тесттик режимде ишке киргизилет

Кыска кабар | 22 Мар 2019 | 462 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында «112» уюлдук тиркемеси тесттик режимде ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалымат жыйында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан иштелип чыккан пилоттук «112» уюлдук тиркемесинин бет ачары өттү, аны Google Play аркылуу жүктөп алууга болот. Уюлдук тиркеме азырынча Android операциялык тутумунун базасындагы жабдууларда иштейт.

«Өзгөчө  кырдаалдар министрлиги билдирүүнү алган соң, жарандын билдирүүсүн алгандыгы жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте тиешелүү чаралар көрүлгөнү, ошону менен бирге кайрылууга жооп кайтарууга жооптуу орган тууралуу жаранга кабарлоого тийиш. Жоруктар жана укук бузуулар боюнча кайгуул кызматтары жерине баруу менен ыкчам жооп кайтарышат», — деп  белгиледи Өзгөчө  кырдаалдар министрлигинин ыкчам жооп кайтаруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Картайганов.

Тиркемени иштеп чыккандардын маалыматы боюнча, кырсыктарга жана коомдук тартипти бузууларга күбө болгон ар бир жаран сүрөт, аудио жана видео материалдарды тартып алып, аларды «112» линиясына билдирүү аркылуу жөнөтөт.

Белгилей кетсек, азыркы учурда иштөөсүн изилдеп чыгуу максатында «112» уюлдук тиркемеси тесттик режимде киргизилип жатат. Тесттик ишке киргизүүнүн жыйынтыктары алынып жана иши туураланган соң уюлдук тиркеме толук кандуу колдонууга берилет.

Copyright © 2017 Maral FM