Биз менен байланышыңыз

Ош облусунда мыйзамсыз курал-жарактар алынат

Кыска кабар | 22 Мар 2019 | 597 | 0

Бүгүн, 22-мартта Ош облусунун аймагында « Арсенал» аталыштагы ыкчам алдын алуучу иш чарасы башталды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш чаранын негизги максаты жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал-жарактарды, ок дарыларды аныктоо болуп эсептелинет.

Курал-жарактарды өз ыктяры менен тапшыргандарга мыйзам боюнча сыйлыктар каралган. Эгерде иш чаранын учурунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактар табыла турган болсо мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Эске салсак, 20-март күнү Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында жаш өспүрүм бир туугандар үйүндө турган мылтык менен ойноп жатышып, мылтык атылып кетип ок агасынын башына тийген. Натыйжада ооруканага жетпей каза болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM