Биз менен байланышыңыз

Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 21 Мар 2019 | 595 | 0

Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Си Цзиньпин Кытай Өкмөтүнүн, элинин жана жеке өзүнүн атынан президент Сооронбай Жээнбековду  жана жалпы Кыргызстан элин салттуу Нооруз майрамы менен куттуктап бакыт-таалай жана бакубатчылык каалаган.

«Өткөн жылдын июнь айында Сиз Кытайга алгачкы мамлекеттик визит жасадыңыз. Анын жүрүшүндө биз жыйынтыктуу жолугушууларды өткөрүп, кытай-кыргыз мамилелеринин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн орнотуу тууралуу бир пикирден чечим кабыл алдык. Бул эки өлкөнүн ортосунда достук кызматташуунун жаңы барагын ачты. Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө зор маани берүү менен, мен сиз менен бирге, өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кытай-кыргыз мамилелерин жаңы бийиктикке алып чыгууга даярмын,»- деген Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин.

 

Copyright © 2017 Maral FM