Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар» долбоору Ош шаарында ишке киргизилет

Кыска кабар | 21 Мар 2019 | 725 | 0

Жакын арада «Коопсуз шаар» долбоору Ош шаарында ишке киргизилет. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын базасындагы «Бирдиктүү терезе» борборун кыдыруу учурунда билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, жакын арада Ош шаарында жана өлкөнүн бардык башка шаарларында «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилет.

«Бишкектин жолдорунда жол эрежелерин бузууну аныктоочу аппараттык-программалык комплекстердин орнотулушу жол кырсыктарынын санынын кыскарышын шарттады. Жарандар долбоордун ишке киргизилишин жана биздин баштоолорубузду колдоп жатышат, себеби бул долбоор жолдордо коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. Жакын арада долбоор Ош шаарында жана өлкөнүн башка шаарларында ишке киргизилет. Мен мында жолдордогу абалды бир топ коопсуз кылууга жетишебиз деп ишенем», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

 

Copyright © 2017 Maral FM