Биз менен байланышыңыз

Ошто мыйзамсыз курулган май куюучу жайлар алынат

Кыска кабар | 21 Мар 2019 | 760 | 0

Оштун мэри коопсуздугу каралбаган жана мыйзамсыз курулган май куюучу жайлар алынаарын билдирди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жарылуу болгон май куюучу жайга барып, тиешелүү кызматтардан маалымат алды.
Калаа башчысы атайын комиссия шаардагы май куюучу жайларды текшерүүгө алаарын, буга чейин мыйзамсыз курулган жана коопсуздугу каралбаган май куюучу жайлар алынаарын билдирди.

Андан соң кырсыктан жабыркаган эки жарандан кабар алып, дарыгерлер тыкыр көзөмөлүндө болоорун билдирди.

Жабырлануучулардын биринин абалы оор. Экинчи жабырлануучунун абалы орто.

Эске салсак, бүгүн, 20-мартта Ош шаарынын Юго-Восток кичи районундагы май куюучу жайда жарылуу болуп, өрт саат 22.10до чектөөгө алынган. Кырсык болгон жайга тез жардам жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчүлөрү өз убагында жетип барган.

Учурда кырсык боюнча милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM