Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 482 миң чакан жана орто ишканалар бар

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 1587 | 0

Кыргызстанда 2018-жылдын 1-октябрына карата 11,4 миң чакан жана орто ишканалар өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн. Бир жылдын ичинде алардын саны 715ке же 6 пайызга  өскөн. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Өткөн жылдын 1-октябрына карата өз алдынча ишкердик кылган 398 миң адам болсо, бир жылда 11 миңге жеткен же 3 пайызга көбөйгөн.

Ошентип жалпы чакан жана орто ишканаларда иштеген адамдардын саны ( жеке чарбаларды эсепке албаганда) 482 миң адамды түзгөн.

Чакан жана орто ишканалардын үлүшү Кыргызстандагы ИДПнын жалпы көлөмүндө 38,2%ды же 140,5 млрд сомду түзөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM